Холбоо барих

dailypost.mn

Утас: +976-90152005

Хуанли

7 сар 2023
ДАВ Мя Лха ПҮР БАА БЯМ НЯМ
« 6 сар   8 сар »
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
31  
5 сар 21, 2024

Монгол Улсаа дэлхийд таниулна

Президент Садыр Жапаров мамлекеттик сапар менен Улан-Батор шаарына келди

-Президент Садыр Жапаров мамлекеттик сапар менен Улан-Батор шаарына келди-

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 9-июлда, мамлекеттик сапар менен Монголияга келди. Мамлекет башчынын борту Улан-Батор шаарынын Чыңгызхан эл аралык аэропортуна конду. Аэропортто килем төшөлүп, Ардактуу кароол тизилди. Мамлекеттик сапардын жүрүшүндө бир катар жогорку деңгээлдеги жолугушуулар өтүп, эки тараптуу документтер кабыл алынат. Президент Садыр Жапаровдун мамлекеттик сапарынын иш-чаралары Монголиянын эки шаарында – Улан-Батор жана Эрдэнэтте өтөт.

-Президент Садыр Жапаровдун Монголиянын Президенти Ухнаагийн Хурэлсух менен расмий жолугушуу аземи болду-

Бүгүн, 9-июлда, Улан-Батор шаарында Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун Монголиянын Президенти Ухнаагийн Хурэлсух менен расмий жолугушуу аземи болуп өттү. Президент Садыр Жапаровдун кортежи Сухэ-Батор аянтындагы Мамлекеттик сарайга келди, ал жерде аны Монголиянын Президенти Ухнаагийн Хурэлсух жубайы Лувсандоржийн Болорцэцэг менен тосуп алды. Аянтта Кыргызстандын жана Монголиянын мамлекеттик желектери желбиреп, Монгол империясынын биринчи Улуу ханынын жеке гвардиясынын кийимине стилдештирилген параддык формадагы атчандардын отряды тизилип турду. Өлкө лидерлери салам алышкандан кийин улуттук костюмчан балдар жогорку даражалуу коноктор менен учурашып, аларга гүл тартуулашты. Андан соң мамлекет башчылары жубайлары менен чогуу сүрөткө түштү, Ардактуу кароолдун ротасынын командиринин саламдашуу рапортунан кийин Кыргызстандын жана Монголиянын мамлекеттик гимндери жаңырды. Садыр Жапаров монгол туусун жана Ардактуу кароолду Салам, аскер, деп саламдашты. Өлкө лидерлери Кыргызстандын жана Монголиянын расмий делегацияларынын мүчөлөрүн тааныштырып өттү, ошондой эле Монголияда орун алган дипломатиялык корпус менен учурашты. Андан соң мамлекет башчылары жубайлары менен бирге Чыңгызхандын эстелигине таазим кылууга бет алышты. Андан кийин Мамлекеттик сарайда Президент Садыр Жапаров ардактуу меймандардын китебине Монголия элине эң жакшы каалоо-тилектери менен эстелик жазуу калтырды, андан соң мамлекет башчыларынын жубайлары менен бирге сүрөткө түшүүсү болду. Расмий жолугушуу аземи аяктагандан кийин өлкө лидерлери жубайлары менен эки тараптуу жолугушуу залына өтүштү.

-Кыргызстан менен Монголиянын Президенттери жубайлары менен расмий иш-чаралардын алдында тар чөйрөдө баарлашты-

Бүгүн, 9-июлда, Улан-Батор шаарында расмий иш-чаралардын башталышынын алдында Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров жана Биринчи айым Айгүл Жапарова Монголиянын Президенти Ухнаагийн Хурэлсух жана анын жубайы Лувсандоржийн Болорцэцэг менен тар чөйрөдө баарлашты. Ухнаагийн Хурэлсух Садыр Жапаровго өлкөгө сапар менен келүүгө чакыруусун кабыл алгандыгы үчүн ыраазычылык билдирип, Кыргызстан менен Монголиянын өз ара аракеттенүүсүн өнүктүрүү үчүн түз диалогдун маанилүүлүгүн белгиледи. Президент Садыр Жапаров монгол тарапка жылуу кабыл алгандыгы үчүн ыраазычылык билдирип, Ухнаагийн Хурэлсухту жана монгол элин ушул күндөрү өлкөдө белгиленип жаткан Наадам улуттук майрамы менен куттуктады.

-Президент Садыр Жапаров менен Монголиянын Президенти Ухнаагийн Хурэлсух Улан-Батор шаарында сүйлөшүүлөрдү жүргүздү-

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 9-июлда, Монголияга болгон мамлекеттик сапарынын алкагында Улан-Батор шаарында өлкөнүн Президенти Ухнаагийн Хурэлсух менен тар жана кеңейтилген форматтарда сүйлөшүүлөрдү жүргүздү. Өлкө лидерлери кыргыз-монгол эки тараптуу жана көп тараптуу кызматташуунун актуалдуу маселелерин талкуулашты, келечекке биргелешкен өз ара аракеттенүүнүн артыкчылыктарын белгилешти. Ухнаагийн Хурэлсух Садыр Жапаровго чакырууну кабыл алгандыгы үчүн ыраазычылык билдирип, бул тарыхый мамлекеттик сапар Кыргызстан менен Монголиянын ортосундагы кызматташтыкты өнүктүрүүгө күчтүү дем берерин белгиледи. Ал Кыргызстандын Президенти Монголияга акыркы жолу 21 жыл мурун барганын эске салды. Ухнаагийн Хурэлсух соода-экономикалык тармакта, айыл чарба, туризм, маданий-гуманитардык маселелерде кызматташуунун негизги багыттарын белгилөө менен Монголия менен Кыргызстандын эки тараптуу мамилелерди жана кызматташтыкты жаңы деңгээлге чыгарууга бардык мүмкүнчүлүктөрү бар экенин баса белгиледи. Ал ошондой эле Монголия Кыргызстандан экологиялык жактан таза жана сапаты менен белгилүү болгон жашылча-жемиштерди ташууга кызыкдар экенин, ошондой эле бул азыктарды өстүрүү боюнча биргелешкен ишканаларды түзүү маселесин иликтөөгө даяр экенин белгиледи. Мындай ишканалар эки өлкөнүн соода-экономикалык кызматташтыгынын өсүшүнө жана соода алакаларынын кеңейишине салым кошот. Биз өлкөбүздүн аймагында Кыргызстандын Элчилигинин ачылышына кубанычтабыз жана анын мындан аркы ишине ар тараптан колдоо көрсөтүүгө даярбыз. Мындан тышкары, соода-экономикалык, илимий-техникалык жана маданий кызматташтык боюнча Кыргыз-монгол Өкмөттөр аралык комиссиясынын иш механизмин активдештирүү маанилүү деп эсептейбиз, деп баса белгиледи Ухнаагийн Хурэлсух. Садыр Жапаров өз кезегинде Ухнаагийн Хурэлсухка мамлекеттик сапардын жүрүшүндө кыргыз делегациясына көрсөтүлгөн жылуу кабыл алуусу үчүн ыраазычылык билдирди. Президент Монголияга болгон сапардын саясий маанисин белгилеп, анын башкы максаты – эки өлкө ортосундагы саясий, соода-экономикалык, инвестициялык, маданий-гуманитардык тармактардагы кызматташтыкты андан ары илгерилетүү экенин айтты. Учурдан пайдаланып, Садыр Жапаров учурда өлкөдө белгиленип жаткан улуттук Наадам майрамы менен Монголиянын Президентин жана монгол элин  куттуктады. Ал бир улуу көчмөн цивилизациясынын урпактары болгон эки элдин жакындыгын сыймыктануу менен белгиледи. Президент Кыргызстан менен Монголиянын ортосундагы соода-экономикалык жана инвестициялык кызматташтыкты арттыруу зарылдыгына басым жасады. Өз ара сооданы өнүктүрүүдөгү башкы тоскоолдук – транспорттук-логистикалык мүнөздөгү көйгөйлөр болуп саналат. Кыргызстан Азия автомобиль жолдорунун тармагы боюнча эл аралык автомобилдик ташуулар жөнүндө үч тараптуу Макулдашууга кошулууга ниеттенүүдө. Кыргызстан өз продукциясын экспорттоого гана эмес, монгол продукциясын импорттоого да кызыкдар, – деп Садыр Жапаров баса белгиледи. Ал ошондой эле монгол тараптын көңүлүн Кыргызстанда айыл чарба, тоо-кен өнөр жайы, туризм, энергетика жана маалыматтык технологиялар чөйрөсүндө ишке ашыруу үчүн бир катар кызыктуу долбоорлор бар экенине бурду. Садыр Жапаров ошондой эле соода-экономикалык, илимий-техникалык жана маданий кызматташтык боюнча кыргыз-монгол Өкмөттөр аралык комиссиясынын ишин активдештирүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи. Мындан башка, Садыр Жапаров Монголиянын Баян-Улгий аймагында этникалык кыргыздар жашаарын белгиледи. Бул аймакта тарыхый изилдөөлөрдү жүргүзүү – эки өлкөнүн элдерин тарыхый жана маданий жактан да жакындата алат. Кыргыз тарап кызматташтыкты активдештирүү максатында Достук жана маданият күндөрүн өткөрүүнү жандандыруу сунушун киргизүүдө. Өлкө лидерлери биргелешкен күн тартибинин бардык багыттары боюнча кыргыз-монгол эки тараптуу кызматташтыгын тереңдетүүгө өз ара даярдыгын жана кызыгуусун билдиришти. Сөзүнүн аягында Президент Садыр Жапаров Монголиянын Президенти  Ухнаагийн Хурэлсухту жубайы менен өзүнө ыңгайлуу учурда мамлекеттик сапар менен Кыргызстанга келип кетүүгө чакырды. 

Кыргызстан менен Монголиянын Президенттери достук жана кызматташтык орнотуу жөнүндө Кыргызстан менен Монголиянын Биргелешкен декларациясына кол коюшту

Бүгүн, 9-июлда, Улан-Батор шаарында сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы боюнча Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров менен Монголиянын Президенти Ухнаагийн Хурэлсух достук жана кызматташтык орнотуу жөнүндө Кыргызстан менен Монголиянын Биргелешкен декларациясына кол коюшту. Мындан тышкары, мамлекеттик сапардын алкагында бир катар эки тараптуу документтерге кол коюлду:

– Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Монголия Өкмөтүнүн ортосундагы айлана-чөйрөнү коргоо жөнүндө макулдашуу;

– Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Монголиянын Өкмөтүнүн ортосунда айыл чарба тармагында кызматташуу жөнүндө макулдашуу;

– Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги менен Монголиянын юстиция жана ички иштер министрлигинин ортосундагы кылмыштуулукка каршы күрөшүү чөйрөсүндө кызматташуу жөнүндө макулдашуу;

– Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлиги менен Монголиянын айлана-чөйрө жана туризм министрлигинин ортосундагы токой экосистемаларын өнүктүрүү жаатында өз ара түшүнүшүү жөнүндө Меморандум;

– Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигине караштуу Ветеринария кызматы менен Монголиянын Өкмөтүнүн Аткаруучу агенттигинин Ветеринария башкы башкармалыгынын ортосундагы ветеринария тармагында өз ара кызматташуу жөнүндө макулдашуу;

– Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлиги менен Монголиянын адистештирилген инспекциясынын башкы башкармалыгынын ортосунда ветеринардык-санитардык жана карантиндик фитосанитардык чаралар жаатында өсүмдүктөрдүн карантини жаатында кызматташуу жөнүндө Меморандум;

– Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматы менен Монголиянын Башкы салык башкармалыгынын ортосунда кызматташуу жөнүндө Меморандум;

– Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүгүү министрлигинин алдындагы Архив кызматы менен Монголиянын Юстиция жана ички иштер министрлигинин Башкы архив башкармалыгынын ортосунда кызматташуу боюнча иш-чаралардын планы;

– Бишкек шаары менен Улан-Батор шаарынын ортосунда боордоштук байланыштарды түзүү жөнүндө макулдашуу.

– Кыргыз Республикасынын Чүй облусу менен Монголиянын Хэнтий аймагынын ортосунда кызматташуу боюнча өз ара түшүнүшүү жөнүндө Меморандум;

– Кыргыз Республикасынын Улуттук тарых музейи менен Монголиянын Чыңгызхан музейинин ортосундагы кызматташтык жөнүндө Меморандум.

Президент Садыр Жапаров Монголиянын Президенти Ухнаагийн Хурэлсух менен сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы боюнча ЖМКга билдирүү жасады

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 9-июлда, Монголиянын Президенти Ухнаагийн Хурэлсух менен сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы боюнча жалпыга маалымдоо каражаттары үчүн билдирүү жасады. Анда Мамлекет башчысы буларды айтты:

Урматтуу журналисттер!

Айымдар жана мырзалар!

Монголиянын Урматтуу Президенти Ухнаагийн Хурэлсух мырза менен биздин эки тараптуу жолугушуубуз азыр эле болуп өттү. Ишенимдүү, достук маанайда биз кыргыз-монгол эки тараптуу өз ара аракеттенүүсүнүн кеңири спектри боюнча пикир алмаштык.Биз ошондой эле саясий, соода-экономикалык, маданий-гуманитардык кызматташууну мындан ары өнүктүрүү маселелерин талкууладык.

Биздин өлкөлөр ортосунда бардык деңгээлде активдүү диалог жүргүзүлүп жаткандыгын канааттануу менен белгилеп өттүк. Бул соода-экономикалык, маданий-гуманитардык кызматташтыкты өнүктүрүү, биргелешкен экономикалык жана социалдык долбоорлорду ишке ашыруу үчүн эң сонун мүмкүнчүлүк берет.

Бул сапардын жемиштүү жана натыйжалуу экендигин кол коюлган эки тараптуу документтердин олуттуу тизмеси тастыктайт.

Өкмөттөр аралык, ведомстволор аралык жана региондор аралык деңгээлде жыйынтыктоочу саясий документ – Достук жана кызматташтык мамилелерди тереңдетүү боюнча Биргелешкен декларациядан тышкары бир катар маанилүү документтерге кол коюлду.

Кол коюлган документтерге ылайык, айлана-чөйрөнү коргоо, айыл чарба жана токой чарбасы жаатындагы биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу, маданий-гуманитардык кызматташтыкты илгерилетүү, эки өлкөнүн шаарлары менен аймактары ортосундагы боордоштук байланыштарды кеңейтүү боюнча практикалык чаралар көрүлөт.

Монголияда Кыргызстандын Элчилигин ачуунун мааниси зор экендигин белгилеп өттүк.

Биздин Элчиликтин ачылышы Кыргызстан менен Монголиянын ортосундагы соода-экономикалык, инвестициялык, маданий-гуманитардык кызматташууну активдештирүүгө жана мындан да динамикалуу өнүгүүгө, өлкөлөр ортосундагы кызматташтыктын потенциалын ачууга жана аларды сапаттык жаңы деңгээлге чыгарууга өбөлгө түзөөрүнө ишеним билдиргим келет.

Жолугушууда өлкөлөрүбүздүн коопсуздук чөйрөсүндөгү кызматташуусуна өзгөчө көңүл бурулду. Кыргызстан менен Монголиянын компетенттүү органдарынын жаңы жана салттуу чакырыктарга жана биздин өлкөлөрдөгү, региондогу жана бүтүндөй дүйнөдөгү тынчтыкка, стабилдүүлүккө жана коопсуздукка болгон коркунучтарга каршы турууда өз ара аракеттенүүнү жогорулатуу зарылчылыгы белгиленди.

Кыргызстан менен Монголия эл аралык аренада, эл аралык жана аймактык уюмдардын – БУУ, Шанхай кызматташтык уюму, СВМДА (Азиядагы өз ара аракеттенүү жана ишеним чаралары боюнча кеңешме) алкагында ийгиликтүү жана өз ара пайдалуу негизде өз ара аракеттенүүдө.

Белгилей кетчү нерсе, биздин сапарыбыз бул күндөрдө Монголияда майрамдалган, бизге кылымдардан бери келген жана жалпы тарыхыбыздын жана маданиятыбыздын символу болгон Наадам майрамына туш келип отурат.

Азыркы Кыргызстан жана Монголия – байыркы көчмөн цивилизациясынын өкүлдөрү. Биз бүткүл адамзатка баа жеткис салым кошкон улуу көчмөндөрдүн урпактарыбыз.

Кыргыз жана монгол элдеринин тарыхый, маданий жана руханий жалпылыктары достуктун, өз ара ишенимдин жана кызматташтыктын эки тараптуу мамилелерин өнүктүрүү жана илгерилетүү үчүн жакшы негиз болуп саналат. Жеке мен бул үчүн бардык күч-аракетимди жумшоого даярмын.

Жалпысынан, урматтуу Президент Ухнаагийн Хурэлсух менен болгон жолугушууга баа берип жатып, анын жыйынтыгына канааттангандыгымды билдиргим келет.

Жетишилген макулдашуулар жана аларды ишке ашыруу кыргыз-монгол мамилелеринин өнүгүшүнө күчтүү импульс берип, эки өлкөнүн элдеринин мындан ары жакындашуусуна, өз ара ишенимге, өз ара гүлдөп-өнүгүүгө өбөлгө болот деп ишенем.

Салттуу меймандостугу, сапардын жүрүшүндө көрсөтүлгөн жылуу мамилеси үчүн монгол тарапка чын дилимден ыраазычылык билдирем жана монгол элине тынчтык жана гүлдөп өнүгүү каалайм.

Кыргызстан менен Монголиянын достук жана кызматташтык мамилелерин тереңдетүү жөнүндө биргелешкен декларациясы

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун Монголияга болгон алгачкы мамлекеттик сапарынын алкагында өлкө лидерлери Кыргызстан менен Монголиянын достук жана кызматташтык орнотуу жөнүндө Биргелешкен декларациясына кол коюшту. Биргелешкен декларациянын текстин келтиребиз: 2023-жылдын 9-11 июлунда Монголиянын Президенти Ухнаагийн Хурэлсухтун чакыруусу боюнча Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров Монголияда мамлекеттик сапар менен болду. Кыргыз Республикасынын Президенти Наадам улуттук майрамын белгилөө боюнча иш-чаралардын ардактуу коногу болду. Эки мамлекеттин башчылары достук жана өз ара түшүнүшүү маанайда эки тараптуу мамилелердин актуалдуу маселелери, саясий, соода-экономикалык, илимий-техникалык жана маданий-гуманитардык кызматташтыктын артыкчылыктуу багыттары боюнча терең пикир алмашышты. Мамлекет башчылары Кыргыз Республикасы менен Монголиянын (мындан ары – Тараптар) жана алардын элдеринин ортосундагы көп кылымдык бекем тарыхый жана маданий байланыштарды белгилеп, эки тараптуу мамилелерди мындан ары да кеңейтүү үчүн кеңири потенциалды жана саясий эркти ырасташты. Тараптар 2014-жылы Бишкек шаарында Монголиянын дипломатиялык өкүлчүлүгүнүн ачылышы, ошондой эле 2023-жылдын июлунда Улан-Батор шаарында Кыргыз Республикасынын дипломатиялык өкүлчүлүгүнүн ачылышы эки өлкөнүн мамилелерди жана кызматташтыкты жигердүү кеңейтүүгө умтулуусун ачык көрсөткөнүн белгилешти. Эки өлкөнүн дипломатиялык өкүлчүлүктөрү саясий мамилелерди өнүктүрүүгө өбөлгө түзүүгө, соода-экономикалык байланыштарды илгерилетүүгө, маданий жана гуманитардык алмашууларды бекемдөөгө көмөк көрсөтүүгө чакырылган. Тараптар, 1992-жылдын 22-апрелиндеги Кыргызстан Республикасы менен Монголиянын ортосунда дипломатиялык мамилелерди орнотуу жөнүндө протоколдун, 1993-жылдын 10-июлундагы Кыргыз Республикасы менен Монголиянын ортосундагы достук мамилелер жана кызматташтык жөнүндө келишимдин, 1999-жылдын 4-декабрындагы Кыргыз Республикасы менен Монголиянын 21-кылымга багытталган достук мамилелерди жана кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүү жөнүндө биргелешкен декларациянын, ошондой эле башка эки тараптуу макулдашуулардын жана келишүүлөрдүн жоболорун жетекчиликке алып, эки тараптуу өз ара пайдалуу достук мамилелерин мындан ары өнүктүрүүгө жана бекемдөөгө умтулууларын ырасташат жана төмөнкүлөр жөнүндө жарыялашат:

Тараптар саясий, соода-экономикалык, маданий-гуманитардык жана башка тармактарда мамилелерди ургаалдуу өнүктүрүүгө жана бекемдөөгө тоскоол болгон көйгөйлүү аспектилердин жоктугун канааттануу менен белгилешет.

Тараптар кызматташуу жылдарында кол коюлган, эки тараптуу мамилелерди өнүктүрүү үчүн бекем укуктук негиз түзгөн эки тараптуу документтердин принциптерин жана жоболорун өзгөрүүсүз кармана тургандыктарын ырасташат.

Тараптар өз ара ишеним көрсөтүү, өз ара урматтоо, теңдик, өз ара пайда алуу жана ар тараптуу өз ара аракеттенүү духунда өз ара кызыгууну жараткан маселелер боюнча өз ара колдоо көрсөтүүнү уланта беришет.

Достук жана кызматташтык мамилелерине таянып, Тараптар региондо жана бүткүл дүйнөдө тынчтыкты, стабилдүүлүктү жана коопсуздукту бекемдөө ишине өз салымын кошууну улантышат.

Негизги эл аралык жана аймактык маселелер боюнча позициялардын жакындыгын белгилеп, Тараптар Бириккен Улуттар Уюму, Дүйнөлүк соода уюму, Шанхай кызматташтык уюму, Азиядагы өз ара аракеттенүү жана ишеним чаралары боюнча кеңешме сыяктуу эл аралык жана регионалдык уюмдардын жана бирикмелердин алкагында бири-биринин демилгелерин өз ара колдоо практикасын улантышат.

Тараптар тынчтыкты, өнүгүүнү, тең укуктуулукту, адилеттүүлүктү жана эркиндикти камсыз кылуу маселелерине бирдей көз карашта болуп, өзөгү Бириккен Улуттар Уюму болгон эл аралык системаны биргеликте колдошот, БУУнун Уставында жана башка негизги эл аралык келишимдерде жана документтерде бекитилген эл аралык укук принциптерине жана нормаларына негизделген эл аралык тартипти карманышат.

Тараптар тоо күн тартиби маселелери боюнча эл аралык кызматташтыкты бекемдөө жана аны андан ары натыйжалуу ишке ашыруу максатында 2023-2027-жылдарды Тоолуу аймактарды өнүктүрүү боюнча иш-аракеттердин беш жылдыгы деп жарыялаган БУУнун Башкы Ассамблеясынын 77-сессиясынын кабыл алынган Тоолорду туруктуу өнүктүрүү резолюциясын ишке ашыруунун маанилүүлүгүн белгилешти.

Тараптар Бириккен Улуттар Уюмунун 2030-жылга чейинки мезгилге карата туруктуу өнүктүрүү боюнча Күн тартибин ишке ашыруунун маанилүүлүгүн баса белгилеп, жакырчылыкты кыскартуу, азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу, климаттын өзгөрүшүнө каршы күрөшүү жана жашыл өнүгүүнү илгерилетүү жаатында практикалык кызматташтыкты тереңдетүүгө даяр экендиктерин билдиришет.

Тараптар жаңы жана салттуу чакырыктарга жана тынчтыкка, стабилдүүлүккө жана коопсуздукка болгон коркунучтарга биргелешкен күч-аракеттер менен каршы турууга, Борбордук Азияда тынчтыкты жана коопсуздукту чыңдоо үчүн эки тараптуу жана көп тараптуу деңгээлде терроризмге, экстремизмге, баңги заттарынын мыйзамсыз жүгүртүлүшүнө, курал-жарак аткезчилигине, чек аралар аралык кылмыштуулукка, кибер кылмыштуулукка каршы күрөштө натыйжалуу чараларды көрүүгө чечкиндүү.

Тараптар бийик жана жогорку деңгээлдеги байланыштар эки тараптуу мамилелерди өнүктүрүүдө чоң роль ойной турганын белгилешет жана эки өлкөнүн бардык деңгээлдеги диалогунун динамикасын, анын ичинде өз ара визиттерди, мамлекеттер аралык, парламенттер аралык, өкмөттөр аралык, ведомстволор аралык, аймактар аралык байланыштарды жана алмашууларды кеңейтүүнү колдоого даяр экендигин ырасташат.

Парламенттер аралык мамилелерди жогорку деңгээлде сактоонун маанилүүлүгүн белгилеп, Тараптар Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши менен Монголиянын Мамлекеттик Улуу Хуралынын, парламенттик комитеттердин жана достук топторунун ортосундагы кызматташтыкты өнүктүрүүнү жана бекемдөөнү мындан ары да уланта беришет.

Тараптар соода-экономикалык жана инвестициялык кызматташтыкты чыңдоо эки тараптуу мамилелердин бардык спектринин артыкчылыктуу компоненттеринин бири экенин белгилешет.

Тараптар экономика жана соода-сатык, инфратүзүм, транспорт, энергетика, өнөр жай өндүрүшү, инвестиция, кайра иштетүү жана тоо-кен казуу өнөр жайы, айыл чарба, санариптештирүү, туризм жаатындагы кызматташтыкты жигердүү илгерилетүүгө, өндүрүш менен жеткирүү логистикалык чынжырчаларын өнүктүрүүгө көмөк көрсөтүүгө, өз ара пайда табуу кызыкчылыгында практикалык кызматташуу потенциалын тереңдетүүгө жана ачууга даяр.

Тараптар Соода-экономикалык, илимий-техникалык жана маданий кызматташтык боюнча кыргыз-монгол өкмөттөр аралык комиссиясынын эки тараптуу мамилелердеги маанилүү координациялоочу ролун белгилеп, бул механизмдин эффективдүүлүгүн жогорулатуу жана оптималдаштыруу боюнча зарыл чараларды көрүүнү макулдашышты.

Тараптар эки өлкөнүн ортосундагы соода жүгүртүүнүн өсүшүн кубаттоого, эки өлкөнүн чарба жүргүзүүчү субъекттеринин өз ара маалымдуулук деңгээлин жогорулатуу максатында соода-экономикалык жана инвестициялык ишмердүүлүк чөйрөсүндөгү мыйзамдар боюнча маалымат алмашууга даяр экендиктерин ырасташты.

Тараптар биргелешкен бизнес-форумдарды, көргөзмөлөрдү, жарманкелерди жана ишкерлер жолугушууларын өткөрүү, тажрыйба алмашуу жана практикалык соода-экономикалык кызматташтыкты, анын ичинде электрондук коммерцияны активдештирүү, жаңы соода жана инвестиция каналдарын ачуу аркылуу өнүктүрүү жолу менен ишкердик байланыштарды өнүктүрүүгө даяр.

Эки өлкөнүн экономикаларынын өзгөчөлүктөрүн жана артыкчылыктарын эске алуу менен, Тараптар региондогу азык-түлүк коопсуздугун биргеликте камсыз кылуу максатында айыл чарба тармагындагы кызматташтыкты тереңдетүү, айыл чарба жаатындагы соода-экономикалык жана инвестициялык байланыштарды стимулдоо, мал чарбачылыгы, ветеринария жана фитосанитария, айыл чарба продукциясын кайра иштетүү, айыл чарба техникасы жана айыл чарба адистерин даярдоо жаатында кызматташтыкты тереңдетүүнү макулдашышты.

Тараптар Монголиядан Кыргыз Республикасына эт, эт азыктарын, сүт азыктарын, жүн жана булгаары жеткирүү, ошондой эле Кыргыз Республикасынан Монголияга сапаттуу, экологиялык жактан таза айыл чарба продукциясын жеткирүү үчүн кеңири мүмкүнчүлүктөр бар экендигин белгилешти.

Тараптар тоо-кен тармагындагы кызматташтыкты өнүктүрүүгө, кен корун иштетүү боюнча долбоорлорду ишке ашырууда тажрыйба алмашууга даяр экендиктерин билдиришет.

Тараптар текстиль жана тигүү тармактарында өз ара пайдалуу кызматташууга даяр жана эки өлкөнүн тийиштүү ишканаларынын ортосундагы түз байланыштарды кубатташат. Монгол тарап Кыргызстандын тигүү өнөр жайы үчүн сырье жеткирүүгө даяр экендигин билдирет.

Тараптар деңизге чыгууга мүмкүнчүлүгү жок өлкөлөр катары транспорттук жана транзиттик коммуникацияларды өнүктүрүү үчүн зарыл болгон чараларды көрүшөт.

Монгол тарап кыргыз тараптын 2016-жылы түзүлгөн Азия автомобилдик жол тармагы боюнча эл аралык автомобилдик ташуулар жөнүндө өкмөттөр аралык макулдашууга кошулууга умтулуусун кубаттайт.

Тараптар эки өлкөнүн ортосундагы аба каттамдарын жандандыруу жана андан ары кеңейтүү Кыргыз Республикасы менен Монголиянын ортосундагы соода-экономикалык мамилелерди өнүктүрүүгө, адамдар менен алмашууга, ошондой эле туристтик агымдын көбөйүшүнө өбөлгө түзөрүн белгилешти.

Тараптар региондор аралык кызматташтыкты чыңдоонун, боордоштук мамилелерди орнотуунун, эки өлкөнүн элдеринин ортосундагы байланыштарды кеңейтүүнүн маанилүүлүгүн баса белгилешти.

Тараптар илимий-техникалык кызматташтыкты ырааттуу түрдө бекемдеп, биргелешкен илимий изилдөөлөрдү, тажрыйба алмашууларды жүргүзүшөт.

Тараптар деңизге чыгууга мүмкүнчүлүгү жок өнүгүп келе жаткан өлкөлөр үчүн соода, транзит жана транспорт маселелер жана башка соода маселелери боюнча аналитикалык потенциалды күчөтүүдөгү Эл аралык аналитикалык борбордун маанилүү ролун белгилешти.

Маданий жана тарыхый жалпылыкты эске алуу менен Тараптар кыргыз жана монгол элдеринин тарыхы жана маданияты, руханий жана материалдык мурастары боюнча биргелешкен изилдөөлөрдү жүргүзүүгө кызыкдарлыгын билдиришти.

Тараптар айлана-чөйрөнү коргоо жаатындагы кызматташтыкты жигерлентүү зарыл экендигин белгилешти. Практикалык өз ара аракеттенүү максатында милдеттери жана максаттары окшош болгон Жашыл Мурас жана Миллиард бак-дарак сыяктуу улуттук долбоорлорду жана программаларды ишке ашырууда өз ара көмөк көрсөтүүнүн маанилүүлүгүн белгилешти.

Тараптар Кыргыз Республикасы менен Монголиянын ортосундагы мамлекеттер аралык мамилелердин эң маанилүү багыты катары маданий-гуманитардык кызматташууга чоң маани беришет. Тараптар маданий жана гуманитардык алмашууларды мындан ары да жигердүү илгерилетүүгө, билим берүү, маданият, спорт, туризм жана башка чөйрөлөрдөгү кызматташтыкты кеңейтүүгө жана бекемдөөгө даяр.

Эки өлкөнүн элдерин жакындаштыруу, бири-биринин тарыхын жана маданиятын өз ара изилдөө максатында Тараптар эки мамлекеттин жогорку окуу жайларында кыргыз жана монгол тилдерин окутууну уюштурууга ниеттенишет.

Маданий алмашуу динамикасын сактоо, ошондой эле гуманитардык өз ара аракеттенүүнү жаңы мазмунга толтуруу максатында Тараптар Маданият күндөрүн, фестивалдарды, көргөзмөлөрдү, чыгармачыл жамааттардын гастролдорун үзгүлтүксүз түрдө өткөрүүнү, ошондой эле маданий жана тарыхый мурастарды сактоо жаатында кызматташууну илгерилетүүнү макулдашышты.

Тараптар туризм тармагында кызматташууну жигерлентүүнү макулдашышты. Тараптардын өз ара туристтик иш-чараларга катышууга, туристтик агымдарды көбөйтүүгө, жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрүнүн өз ара маалымат турларын колдоого кызыкдарлыгы белгиленди.

Тараптар эки тараптуу мамилелердин өз ара кызыгууну жараткан маселелеринин бүтүндөй комплекси, эл аралык жана регионалдык күн тартиби боюнча жигердүү саясий диалогду улантууну макулдашышты.

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров Монголиянын Президенти Ухнаагийн Хурэлсухка жана Монголия элине Кыргыз Республикасынын делегациясын жылуу, достук маанайда кабыл алгандыгы үчүн ыраазычылык билдирип, Президент Ухнаагийн Хурэлсухту өзүнө ыңгайлуу убакта Кыргыз Республикасына иш сапар менен келип кетүүгө чакырды.

-Президент Садыр Жапаров мамлекеттик сапардын алкагында Эрдэнэт шаарына келди-

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров Монголияга болгон мамлекеттик сапарынын экинчи күнүндө бүгүн, 10-июлда, Эрдэнэт шаарына келди. Бул жерде өлкөдөгү ири тоо-кен ишканаларынын биринин ишмердүүлүгү менен таанышуу пландаштырылууда.

-Президент Садыр Жапаров Эрдэнэт тоо кендерин казып чыгаруучу заводунун жаңы технологиялары менен таанышты-

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 10-июлда, Монголияга болгон мамлекеттик сапарынын алкагында Эрдэнэт шаарындагы Эрдэнэт заводу мамлекеттик ишканасына барды. Мамлекет башчысына Эрдэнэт заводу Азиядагы жез-молибден рудасын казып алуу жана байытуу боюнча эң ири ишкана деп эсептелээри, жылына 40 млн тоннага жакын руданы кайра иштетип, 580 миң тоннанын тегерегинде жез концентратын жана 6 миң тонна молибден концентратын өндүрүп жаткандыгы жөнүндө маалымат берилди. Ишкана 1973-жылдан бери иштеп келет, Совет жана Монгол өкмөттөрү Эрдэнэт жез-молибден кенин иштетүү боюнча биргелешкен ишкана түзүп, ал бүгүнкү күнгө чейин дүйнөдөгү эң ири жез кендеринин бири бойдон калууда. Кийин 2019-жылы Монголия Өкмөтү чыгарган токтомго ылайык Эрдэнэт Индастри толугу менен мамлекеттик менчикке өткөн. Бүгүнкү күндө ишкана эл аралык жез рыногунда маанилүү позицияны ээлейт, өлкөнүн мамлекеттик бюджетин түзүү менен Монголиянын экономикасын өнүктүрүүдө маанилүү роль ойнойт. Президент Садыр Жапаров карьерди жана дүйнөнүн көптөгөн өлкөлөрүнө экспорттолуп жаткан жез-молибден концентратын чыгарган ишкананын фабрикасын көрүп чыкты. Заводго барганда кыргыз делегациясы заводдун техникалык-технологиялык кайра өзгөрүүлөрүн, тактап айтканда, Монголиянын Эрдэнэт кенинин рудасынан жезди алып чыгаруу боюнча алдыңкы технологияларды колдонуудагы тажрыйбасы менен таанышты. Кыргызстанда алтын-жез концентраттарынан жезди алып чыгаруу боюнча фабрикалар жана технологиялар жок экендигин эске алуу менен, кыргыз тарапка бул тажрыйба кызыктуу. Бүгүнкү күндө кыргыз тарап бул рудаларды чет өлкөдөн кайра иштетүүгө аргасыз болууда. Алтын-жез рудаларын кайра иштетүү боюнча заманбап фабрика курулса, Кыргызстандын аймагында жезди жана башка пайдалуу компоненттерди кайра иштетүү жана алып чыгаруу мүмкүнчүлүгү пайда болот, бул болсо бюджеттин киреше бөлүгүнө олуттуу таасирин тийгизет. Садыр Жапаров Кыргызстандын экономикасында Монголиянын экономикасындай эле тоо-кен тармагы да өзгөчө орунду ээлей турганын белгиледи. Кыргызстан бул тармакта чоң потенциалга ээ, буга байланыштуу Монголиянын бул чөйрөдөгү бай тажрыйбасын изилдөөгө кызыкдар. Мамлекет башчысы тоо-кен жана геологиялык багыттар боюнча адистерди даярдоо жана квалификациясын жогорулатуу, геология жана тоо-кен тармагынын ар кыл актуалдуу жана келечектүү багыттары боюнча биргелешкен илимий изилдөөлөр жана алмашуу жаатында кызматташууга кызыкдар экендигин билдирди. Президент Садыр Жапаров Эрдэнэт заводунун жетекчилигине Кыргызстандын компетенттүү түзүмдөрү менен биргеликте тараптар үчүн өз ара кызыкчылык жараткан багыттар боюнча өз ара аракеттенүү чөйрөлөрүн жакшылап ойлонуштурууну сунуштады.

-Президент Садыр Жапаров жубайы Айгүл Жапарова менен чогуу Улан-Батордогу Чыңгызхан музейине барды-

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров жубайы Айгүл Жапарова менен бүгүн, 10-июлда, 2022-жылдын октябрында ачылган Улан-Батор шаарындагы Чыңгызхан музейине барды. Мамлекет башчысына музейдин жаралуу тарыхы жана анын экспонаттары, көргөзмөгө коюлган эстеликтер, хандардын жана ак сөөктөрдүн, ошондой эле Чыңгызхандын династиясынын тарыхын чагылдырган артефакттар тууралуу айтып беришти. Музейдин өзү-эл аралык музей стандарттарына жооп берген, заманбап технологиялар менен жабдылган 9 кабаттуу имарат. Анда убактылуу жана туруктуу көргөзмөлөргө арналган тогуз залы бар. Ошондой эле музейде көргөзмө-реставрация лабораториясы, эки окуу залы, китепкана, мини-кинотеатр, Күмүш дарак залы көрүүчүлөрдүн назарына коюлган. Музей төмөнкү залдарга бөлүнгөн: Байыркы мамлекеттер, Улуу Монголия, Монгол империясы, Чыңгызхандын падышалары жана ак сөөктөрү, Аалам жана монголдор. Ал жакка барганда Мамлекет башчысы музейдин ардактуу коноктор китебине жазуу калтырды. Президент Садыр Жапаров Чыңгызхандын мурасын сактоонун маанилүүлүгүн айтып, музей фондунун байлыгын жана кайталангыс өзгөчөлүгүн баса белгиледи. Ал жакка барганда Мамлекет башчысы музейдин ардактуу коноктор китебине жазуу калтырды. Президент Садыр Жапаров Чыңгызхандын мурасын сактоонун маанилүүлүгүн айтып, музей фондунун байлыгын жана кайталангыс өзгөчөлүгүн баса белгиледи. 

-Улан-Батор шаарында Кыргызстандын Монголиядагы элчилиги ачылды-

Бүгүн, 11-июлда, Улан-Батор шаарында Кыргызстандын Монголиядагы Элчилигинин ачылыш аземи болуп өттү. Дипломатиялык миссиянын ачылышы Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун 9-11-июлда Монголияга болгон мамлекеттик сапарынын алкагында өттү. Буга чейин Мамлекет башчысы Айбек Артыкбаевди өзүнүн Жарлыгы менен Кыргызстандын аталган өлкөдөгү Атайын жана Ыйгарым Укуктуу Элчиси кылып дайындаган. Салтанатка Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев, Кыргызстандын Элчиси Айбек Артыкбаев, Монголиянын тышкы иштер министри Батцэцэг Батмунхийн катышты.

-Президент Садыр Жапаров жана Биринчи айым Айгүл Жапарова Монголиянын улуттук Наадам майрамынын ачылышына катышты-

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров жана Биринчи айым Айгүл Жапарова бүгүн, 11-июлда, Монголияга болгон мамлекеттик сапарынын алкагында ардактуу конок катары Улан-Батор шаарындагы Улуттук стадиондо өтүп жаткан улуттук Наадам майрамынын ачылыш аземине катышышты. Монголиянын Президенти Ухнаагийн Хурэлсух куттуктоо сөз менен чыгып, Тогуз ак бунчукка таазим кылып, Наадам майрамынын башталышын расмий жарыялады. Наадам жыл сайын Монголиянын ар тарабында белгиленип, бул майрамда салттуу ат чабыш, күрөш жана жаа атуу өткөрүлөт. Чакырылган коноктор жана бардык катышуучулар үчүн концерттик программа тартууланып, ал улуттук кийимчен бийлер, ат жалында чеберчилик жана башка көптөгөн нерселер менен коштолду.

Хариулт үлдээх

Таны и-мэйл хаягийг нийтлэхгүй. Шаардлагатай талбаруудыг *-р тэмдэглэсэн

dailypost.mn © 2020 | Newsphere by AF themes.
Translate